# 294-берене. Сот отурумунда токтомдорду жана аныктамаларды чыгаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 294-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-294

---

1. Соттук териштирүү учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер боюнча, судья токтом, сот аныктама чыгарат, алар сот отурумунда жарыя кылынууга жатат.

2. Ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда айыпталуучуга карата жазык ишин кыскартуу, бөгөт коюу чараларын колдонуу, өзгөртүү же алып салуу жөнүндө, четтетүүлөр, соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама же токтом өзүнчө жайда чыгарылат жана, эгерде иш сот тарабынан коллегиялуу каралса, судья же судьялар кол койгон өзүнчө процесстик документтер түрүндө жазылат.

3. Судьянын башка токтомдору, соттун аныктамалары сот отурумунун протоколуна киргизилүү менен, сот отурумунун залында соттун кароосу боюнча чыгарылат.

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-295)
