# 293-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөтү жана аларды узартуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 293-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-293

---

1. Өндүрүшкө ишти кабыл алган учурдан баштап өкүмдү, аныктаманы, токтомду аткарууга киришкенге чейин, судья, сот айыпталуучуга карата бөгөт коюу чараларын тандоого, өзгөртүүгө же алып салууга укуктуу.

2. Бөгөт коюу чарасы ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө колдонулат.

3. Соттук териштирүүнү мөөнөтүндө аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана бөгөт коюу чараларын өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбогондо бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу эки айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

4. Бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу ал бүткөнгө чейин тараптардын катышуусу менен сот отурумунда каралат. Тараптардын кимдир бирөөсүнүн келбей калышы бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

5. Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу иш өз өндүрүшүндө турган судьянын жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт. Аталган токтом 5 күндүк мөөнөттө маалымат үчүн Жогорку сотко жөнөтүлөт.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-декабрындагы № 10-р чечими

6. Бир эле иш боюнча сот жообуна тартылган адамды кайрадан камакка алуу, үй камагына алуу учурунда, ошондой эле буга кошулган же андан бөлүнгөн жазык иши боюнча камакка, үй камагына алуу мөөнөтү, мурунку камакта, үй камагында отурган мезгилди эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

7. Эгерде ушул Кодекстин 291-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнүн негизинде соттук териштирүүнүн токтотуп турулса бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү узартылбайт.

---

Мурунку берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-292)  
Кийинки берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-294)
