# 290-берене. Соттук териштирүүнүн чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 290-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-290

---

1. Сотто ишти териштирүү айыпталуучуга карата жана ага тагылган айыптоо боюнча гана жүргүзүлөт.

2. Сотто айыптоону өзгөртүүгө, эгерде мында айыпталуучунун абалы начарлабаса жана аны коргоо укугу бузулбаса гана жол берилет.

3. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан кыйла оор кылмыш жасалды деген шектенүү белгиленген учурда, судья прокурордун өтүнүчү боюнча, ишти жаңы айыптоо же айыптоону квалификациялоону өзгөртүү боюнча жаңы айыптоо актысын түзүү үчүн өткөрүп берет. Прокурор тарабынан көрсөтүлгөн аракеттер аткарылгандан кийин соттук териштирүү улантылат.

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-289)  
Кийинки берене: [291-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-291)
