# 288-берене. Жабырлануучунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 288-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-288

---

1. Ишти соттук териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт.

2. Жабырлануучу келбегенде, сот жабырлануучу жок кезинде иштин бардык жагдайларын толук айкындоо жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө жараша ишти териштирүү же аны кийинкиге жылдыруу маселесин чечет. Эгерде сот отурумуна жабырлануучунун өкүлү келсе, сот бул маселени өкүлдүн пикирин эске алуу менен чечет.

3. Жабырлануучунун өтүнүчү боюнча, сот аны көрсөтмөлөрдү берүү үчүн белгилүү бир убакытта келүүсүн милдеттендирүү менен, сот отурумуна катышуудан бошото алат.

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-289)
