287-берене. Коргоочунун соттук териштирүүгө катышуусу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Коргоочу далилдерди көрсөтөт жана далилдерди иликтөөгө катышат, айыптоонун маңызы жана анын далилденгендиги, айыпталуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же актоочу жагдайлар, жаза чарасы, ошондой эле соттук териштирүүдө келип чыгуучу башка маселелер боюнча өзүнүн пикирин сотко билдирет.
2. Коргоочу келбегенде жана аны алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогондо, иш кийинкиге калтырылат. Коргоочуну алмаштыруу ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
3. Жаңыдан ишке киришип жаткан коргоочуга соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл убакыт берилет. Бул ошол мезгилде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жасалган бардык аракеттердин кайталанышына алып келбейт. Коргоочунун өтүнүчү боюнча сот күбөлөргө, жабырлануучуларга, эксперттерге кайталап сурак жүргүзө алат же башка соттук аракеттерди жүргүзө алат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
287-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-287" title="287-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>