# 286-берене. Айыпталуучунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 286-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-286

---

1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти териштирүү ага келүүгө милдеттүү болгон айыпталуучунун катышуусу менен жүргүзүлөт.

2. Айыпталуучу жок кезде ишти териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

1) айыпталуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо жана сотко келүүдөн качса;

2) айыпталуучу далилдерди соттук иликтөөлөр аяктагандан кийин сот отурумуна келбесе жана келбей калуу себеби жөнүндө кабарлабаса.

3. Айыпталуучу келбей калганда иш боюнча өндүрүш кийинкиге калтырылууга тийиш. Мындай учурда судья же сот айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылууну соттук приставга милдеттендирет. Судья же сот ошондой эле жүйөсүз себептер боюнча келбеген айыпталуучуну алдырып келүүгө укуктуу.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык өткөрүлгөн соттук териштирүүгө коргоочунун катышуусу милдеттүү.

5. Сотто айыпталуучунун сотко чейинки өндүрүштөгү көрсөтмөлөрүн, маалыматтарын угузуу, ошондой эле суракка алуу протоколуна тиркелген анын көрсөтмөлөрүнүн үн жазып алууларын, видео жазып алууларын угузуп-көрсөтүү айыпталуучу жок кезде ишти кароо учурунда тараптардын өтүнүчү боюнча орун алышы мүмкүн.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилген учурда соттолуучунун же анын коргоочусунун сунушу боюнча сырттан чыгарылган өкүм же соттун аныктамасы апелляциялык тартипте жокко чыгарылат. Мындай учурда соттук териштирүү адаттагы тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-285)  
Кийинки берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-287)
