# 285-берене. Айыптоочунун соттук териштирүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 285-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-285

---

1. Прокурор бардык жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттун алдында мамлекеттик айыптоону колдойт, айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө далилдерди берет, аларды изилдөөгө катышат, жазык мыйзамын колдонуу жана жаза дайындоо боюнча өз тыянактарын баяндайт.

2. Соттук териштирүүгө прокурордун катышуусу милдеттүү.

3. Мамлекеттик айыптоону бир нече прокурор колдоого алышы мүмкүн. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө прокурордун андан ары катышуусу мүмкүн эместиги билингенде, ал алмаштырылышы мүмкүн. Прокурордун алмаштырылышы ошол мезгилде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жасалган аракеттердин кайталанылышына алып келбейт.

Ишке кайрадан киришкен прокурорго соттук териштирүүгө катышууга даярдануу үчүн зарыл болгон убакыт берилет

4. Прокурор айыптоону жеңилирээк айыптоого өзгөртө алат же болбосо айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат. Жекече айыптоочу айыптоону өз алдынча колдогон учурларды кошпогондо, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон толук же жарым-жартылай баш тартуусу жазык ишин толук же анын тиешелүү бөлүгүн токтотууга алып келет.

5. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жазык жоопкерчилигине тартылбаган адамдар тарабынан жасалган кылмыштарды көрсөтүүчү жагдайлар белгилене турган болсо, прокурор ушул Кодекске ылайык, ал адамдарга карата сотко чейинки өндүрүш башталганга чейин чараларды көрөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [284-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-284)  
Кийинки берене: [286-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-286)
