# 282-берене. Сот отурумунда төрагалык кылуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 282-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-282

---

1. Судья сот отурумун жетектейт, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрөт.

2. Судья сот отурумунун күн тартибин сактоону камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

3. Судьянын сот отурумунда тиешелүү тартипти кармоо боюнча процессти уюштуруу боюнча тескөөлөрү процесстин бардык катышуучулары жана сот отурумунун залындагы адамдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын биринин төрагалык кылуучу судьянын аракеттерине каршы пикири болгондо, бул каршы пикир сот отурумунун протоколуна киргизилет.

---

Мурунку берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-281)  
Кийинки берене: [283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-283)
