282-берене. Сот отурумунда төрагалык кылуучу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Судья сот отурумун жетектейт, тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрөт.
2. Судья сот отурумунун күн тартибин сактоону камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин, аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.
3. Судьянын сот отурумунда тиешелүү тартипти кармоо боюнча процессти уюштуруу боюнча тескөөлөрү процесстин бардык катышуучулары жана сот отурумунун залындагы адамдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4. Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын биринин төрагалык кылуучу судьянын аракеттерине каршы пикири болгондо, бул каршы пикир сот отурумунун протоколуна киргизилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-282" title="282-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>