# 281-берене. Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө сот отурумунун залында болуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 281-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-281

---

1. Мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтардын жайылтылышына алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган башка учурларда, сот ишти ачык соттук териштирүүнү камсыз кылууга тийиш.

2. Жабык соттук териштирүүгө судьянын жүйөлөнгөнгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) ишке катышуучу адамдардын жашоосунун купуя жактары жөнүндө маалыматтарды же ар-намысты жана беделди кемсинткен маалыматтарды жайылтпоо максаттарында, инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жана башка кылмыштар жөнүндө иштер боюнча;

2) 16 жашка жетпеген курактагы адамдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери каралган учурларда;

3) процесстин катышуучуларынын, алардын жакын туугандарынын, жубайларынын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыктары муну талап кылган учурларда.

3. Жабык сот отурумунда ишти териштирүү сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Судьянын токтому, соттун жабык отурумдагы ишти териштирүү жөнүндө аныктамасы бардык териштирүүлөргө же анын тиешелүү бөлүгүнө карата чыгарылышы мүмкүн.

4. Кат алышуунун жана билдирүүнүн сырларын коргоо максатында, жарандардын жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган жеке кат алышуусу, телефондон сүйлөшүүлөрү, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрү ачык сот отурумунда ушул кат алышууга жана билдирүү берүүгө катышкан адамдардын макулдугу менен гана жарыяланат. Тескерисинче болгондо, мындай кат алышуу жана билдирүү берүү жабык сот отурумунда жарыяланат жана иликтенет. Аталган эрежелер жеке мүнөздөгү фотосүрөттөрдү, аудио жана (же) видео жазууларды иликтөөдө да колдонулат.

5. Ачык сот отурумуна катышкан адамдар аудио жазууну жана жазууну жүргүзүүгө укуктуу. Фотосүрөткө тартууга, видео жазууга сот отурумуна төрагалык кылуучунун уруксаты менен жол берилет.

6. 16 жашка чейинки курактагы адам эгерде ал жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучусу болбосо, төрагалык кылуучунун уруксаты менен сот отурумунун залына киргизилет.

7. Жабык сот отурумунда ишти териштирүүдө сот отурумунун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу киргизилет.

8. Ишти териштирүүнү жабык сот отурумун жүргүзүү жөнүндө судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан жана жарыялангандан кийин сот отурумунун залынан сот отурумунда катышып отурган жана процесстин катышуучулары болуп саналбаган адамдар чыгарылат, бул жөнүндө сот отурумунун протоколунда көрсөтүлөт.

9. Эгерде сот ишти териштирүүнүн бир бөлүгүн жабык сот отурумунда жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алса, процесстин катышуучулары болуп саналбаган адамдар соттук териштирүүнүн ушул бөлүгүнө киргизилбейт.

10. Соттун өкүмү бардык учурларда ачык жарыяланат.

11. Судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде жабык сот отурумунда жазык ишин кароо учурунда өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүгү гана жарыяланат.

---

Мурунку берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-280)  
Кийинки берене: [282-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-282)
