# 28-берене. Соттун курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 28-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-28

---

1. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди кароо судья тарабынан жеке же сот тарабынан коллегиалдуу жүзөгө ашырылат. Конкреттүү ишти кароо үчүн соттун курамы судьялардын адистешүүсүн эске алуу менен, анын түзүлүшүнө соттук териштирүүнүн натыйжасына кызыкдар адамдардын таасир көрсөтүүсү болбогон тартипте, анын ичинде автоматташтырылган тутумду колдонуу менен түзүлөт.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган жазык иштеринен тышкары жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди биринчи инстанциядагы сотто кароо судья тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.

3. Сот арачыларынын катышуусу менен жазык иштерин кароо ушул Кодекстин 45-главасында белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди апелляциялык тартипте кароо курамы үч судьядан турган соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Жазык иштерин жана жоруктар жөнүндө иштерди кассациялык тартипте кароо Жогорку соттун курамы үч судьядан турган соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Жазык ишин жана жоруктар жөнүндө ишти коллегия курамындагы сот тарабынан кароодо ошол соттун төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча коллегия мүчөлөрүнүн бири төрагалык кылат.

7. Бир коллегиядагы судьяларга апелляциялык инстанциядагы ишти кароого катышууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар болгон учурда, областтык жана ага теңештирилген соттун төрагасы, ал эми кассациялык инстанцияда - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, анын орун басарлары ишти кароого катышууга башка коллегиянын судьяларын тартууга укуктуу.

8. Сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөлдөө тергөө судьясы тарабынан жекече жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-29)
