# 279-берене. Алдын ала угууда судья тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 279-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-279

---

1. Алдын ала угуунун жыйынтыктары боюнча судья төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө;

3) сот отурумун дайындоо жөнүндө.

Судьянын чечими жүйөлөнгөн токтом түрүндө чыгарылат.

2. Далилдерди алып салуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө, судьяны четтетүү жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча судья жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

3. Ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же аны токтотуу (толук же жарым-жартылай), далилдерди алып салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому 3 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Алдын ала угуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган башка чечимдер даттанылбайт.

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-280)
