# 278-берене. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138542..1138543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 278-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-278

---

1. Ушул Кодекстин 26-беренесинин 3 жана 3-1-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта Ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 10-13-пункттарынын негизинде алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө судья токтом чыгарат.

Иш боюнча өндүрүппү токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алып, судья бөгөт коюу чарасын, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууну жана мүлктү конфискациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды жокко чыгарат жана буюмдук далилдер жөнүндө маселени чечет. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго, ошондой эле жазык жоопкерчилигине тартылып жаткан адамга жана жабырлануучуга жөнөтүлөт.

2. Алдын ала угууда иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө маселе прокурордун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, коргоочунун катышуусу менен сот отурумунда судья тарабынан чечилет. Ишке катышкан адамдардын келбей калуусу сот отурумун өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-277)  
Кийинки берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-279)
