# 276-берене. Алдын ала угууда далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 276-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-276

---

1. Тараптар соттук териштирүүдө билдирилген кандай болбосун далилди далилдердин тизмегинен алып салуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өтүнүч билдирилген учурда анын көчүрмөсү өтүнүч сотко берилген күнү башка тараптарга берилет.

2. Далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) тараптар алып салууну өтүнүп жаткан далил;

2) далилди алып салуу жөнүндө ушул Кодексте каралган негиз;

3) өтүнүчтү негиздөөчү жагдайлар.

3. Алдын ала угууда судья күбөнү суракка алууга жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн документти ишке тиркөөгө укуктуу.

4. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган деген негизде далилди алып салуу жөнүндө коргоочу тарап билдирген өтүнүчтү кароодо коргоочу тарап берген жүйөлөрдү төгүндөөнү далилдөө иши прокурорго таандык болот. Калган учурларда далилдөө иши өтүнүч билдирген тараптарга таандык болот.

5. Судья тараптардын жүйөлөрүн баалап, далилди алып салуу жөнүндө же болбосо өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.

6. Эгерде сот далилдерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алса, бул далил юридикалык күчүн жоготот жана өкүмдүн негизине же башка сот чечимине негиз катары алынышы, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө иликтениши же пайдаланылышы мүмкүн эмес. Токтомдо кандай далил алып салына тургандыгы жана жазык ишинин бул далилди алып салууну негиздөөчү кайсы материалдары алып салына тургандыгы көрсөтүлөт, алар сот отурумунда иликтениши жана жарыяланышы жана далилдөө процессинде пайдаланылышы мүмкүн эмес.

7. Эгерде жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралса, тараптар же сот отурумунун башка катышуучулары соттун чечими боюнча алып салынган далилдин бар экени жөнүндө сот арачыларына кабарлоого укуксуз.

---

Мурунку берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-275)  
Кийинки берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-277)
