Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
276-берене. Алдын ала угууда далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Тараптар соттук териштирүүдө билдирилген кандай болбосун далилди далилдердин тизмегинен алып салуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өтүнүч билдирилген учурда анын көчүрмөсү өтүнүч сотко берилген күнү башка тараптарга берилет.
2. Далилдерди алып салуу жөнүндө өтүнүчтө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тараптар алып салууну өтүнүп жаткан далил;
2) далилди алып салуу жөнүндө ушул Кодексте каралган негиз;
3) өтүнүчтү негиздөөчү жагдайлар.
3. Алдын ала угууда судья күбөнү суракка алууга жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн документти ишке тиркөөгө укуктуу.
4. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган деген негизде далилди алып салуу жөнүндө коргоочу тарап билдирген өтүнүчтү кароодо коргоочу тарап берген жүйөлөрдү төгүндөөнү далилдөө иши прокурорго таандык болот. Калган учурларда далилдөө иши өтүнүч билдирген тараптарга таандык болот.
5. Судья тараптардын жүйөлөрүн баалап, далилди алып салуу жөнүндө же болбосо өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.
6. Эгерде сот далилдерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алса, бул далил юридикалык күчүн жоготот жана өкүмдүн негизине же башка сот чечимине негиз катары алынышы, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө иликтениши же пайдаланылышы мүмкүн эмес. Токтомдо кандай далил алып салына тургандыгы жана жазык ишинин бул далилди алып салууну негиздөөчү кайсы материалдары алып салына тургандыгы көрсөтүлөт, алар сот отурумунда иликтениши жана жарыяланышы жана далилдөө процессинде пайдаланылышы мүмкүн эмес.
7. Эгерде жазык иши сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралса, тараптар же сот отурумунун башка катышуучулары соттун чечими боюнча алып салынган далилдин бар экени жөнүндө сот арачыларына кабарлоого укуксуз.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-276" title="276-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>