# 275-берене. Алдын ала угууну жүргүзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 275-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-275

---

1. Алдын ала угуу тараптардын катышуусу менен жабык сот отурумунда судья тарабынан жүргүзүлөт.

2. Судья соттун курамын жарыялайт жана угуунун катышуучуларынын укуктарын, анын ичинде четтетүү укугун түшүндүрөт.

3. Судья айыпталуучуга анын ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароо укугун түшүндүрөт. Эгерде айыпталуучу сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароону каалагандыгын билдирсе, алдын ала угуу ушул Кодекстин 358-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Алдын ала угуу айыпталуучунун өтүнүчү боюнча же болбосо ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо тараптардын биринин өтүнүчү боюнча айыпталуучунун катышуусусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Иш боюнча өндүрүштүн өз мезгилинде кабарландырылган башка катышуучуларынын келбей калуусу алдын ала угууларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт.

6. Кошумча далилдерди же предметтерди талап кылуу жөнүндө коргоо тарабынын өтүнүчү, эгерде бул далилдер жана предметтер иш үчүн мааниси бар болсо, канааттандырылууга жатат.

7. Алдын ала угууда айыпталуучунун күнөөсүнүн далилденгендиги жөнүндө маселе талкууланбайт, далилдер иликтенбейт.

8. Судья процесстин келген катышуучуларына алдын ала угууну өткөрүүнүн максаттары жөнүндө маалымдайт, отурумдун ар бир катышуучусунун чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат жана чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө чыгып кетет.

9. Алдын ала угуунун жүрүшүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [274-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-274)  
Кийинки берене: [276-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-276)
