# 274-берене. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 274-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-274

---

1. Судья ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып 14 суткадан кечиктирбестен, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча - 30 суткадан кечиктирбестен ишти кароону баштоого тийиш.

2. Анча оор эмес кылмыштар жөнүндө жазык иши судья тарабынан маңызы боюнча бир айдан кечиктирилбестен, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш - 2 айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча иш - сотто кароо башталган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш.

Жорук жөнүндө иш аны сотто кароо башталган күндөн тартып 15 күндөн кеч эмес мөөнөттө судья тарабынан маңызы боюнча каралууга тийиш.

3. Соттук териштирүүнү белгиленген мөөнөттө аяктоо мүмкүн болбогон учурда, ал ушул Кодекстин 293-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте узартылууга тийиш.

4. Иште жаңы мамлекеттик айыптоочу же коргоочу алмаштырылган жана (же) киргизилген учурларда соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча иштин материалдары менен таанышууга тараптарга берилген убакыт, ошондой эле соттук териштирүү ушул Кодекстин 291-беренесинин 3, 5, 6-бөлүктөрүнүн негизинде токтотуп турулган убакыт соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-273)  
Кийинки берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-275)
