# 271-берене. Сот отурумун дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 271-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-271

---

1. Сот отурумун дайындоо мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүүдө судья айыпталуучулардын ар бирине карата төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:

1) иш ушул соттун караштуулугундабы;

2) айыптоо актысынын көчүрмөсү өз убагында тапшырылганбы;

3) айыпталуучуга бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөртүүгө же жокко чыгарууга жатабы;

4) кылмыш же жорук менен келтирилген зыяндын ордун толтурууну жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону камсыз кылуучу чаралар көрүлгөнбү;

5) алдын ала угууну өткөрүүгө негиз барбы.

2. Ушул кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган негиздер болбогондо, сот отурумун дайындоо жөнүндө сот токтом чыгарат.

3. Токтомдо ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маселелерден тышкары төмөнкү маселелер чечилет:

1) соттук териштирүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө;

2) адвокат иш боюнча милдеттүү түрдө катыша турган учурларда коргоочуну дайындоо жөнүндө;

3) тараптар берген тизмелер боюнча адамдарды сот отурумуна чакыруу жөнүндө;

4) Ушул Кодекстин 281-беренесинде каралган учурларда жабык сот отурумунда ишти кароо жөнүндө.

4. Жазык кодексинин 83-беренесинде каралган учурларда, судья пробация органына пробациялык баяндама даярдоону тапшырат.

5. Токтомдо ошондой эле ар бир айыпталуучунун фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын көрсөтүү менен сот отурумун дайындоо жөнүндө чечим жана ага угузулган кылмыштын же жоруктун квалификациясы камтылууга тийиш.

6. Тараптар сот отурумунун орду, датасы жана убактысы жөнүндө ал башталганга чейин 5 суткадан кечиктирилбестен кабардар кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-270)  
Кийинки берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-272)
