# 270-берене. Алдын ала угууларды жүргүзүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 270-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-270

---

1. Алдын ала угуулар төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

1) өзгөчө оор кылмыштар боюнча;

2) жол берилбей турган далилдерди алып салуу жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;

3) ишти токтотуп туруу же токтотуу үчүн негиздер болсо;

4) ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө тараптардын өтүнүчү болсо;

5) жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен сотто кароодо маселени чечүү үчүн;

6) бөгөт коюу чарасын өзгөртүү, судьяларды четтетүү жөнүндө, ишти токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча маселени чечүү үчүн.

2. Алдын ала угууларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтү тарап иш сотко келип түшкөн күндөн тартып 3 сутканын ичинде билдириши мүмкүн.

3. Тараптарды сот отурумуна чакыруу жөнүндө кабардама алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 сутка калганда жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Алдын ала угуу иш сотко келип түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-271)
