# 268-берене. Сотко келип түшкөн иш боюнча судьянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 268-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-268

---

1. Соттук териштирүү башталганга чейин судья келип түшкөн иш боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) ишти прокурорго кайтарып берүү жөнүндө;

2) ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү жөнүндө;

3) алдын ала угууну дайындоо жөнүндө;

4) сот отурумун дайындоо жөнүндө.

2. Иш боюнча чечимди судья токтом түрүндө кабыл алат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) токтомдун чыгарылган датасы жана орду;

2) соттун аталышы, токтомду чыгарган судьянын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

3) кабыл алынган чечимдердин негиздери жана маңызы.

3. Чечим жазык иши сотко келип түшкөн учурдан тартып 5 суткадан кечиктирилбестен, ал эми жоруктар жөнүндө иштер боюнча - 3 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-267)  
Кийинки берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-269)
