268-берене. Сотко келип түшкөн иш боюнча судьянын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттук териштирүү башталганга чейин судья келип түшкөн иш боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ишти прокурорго кайтарып берүү жөнүндө;
2) ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү жөнүндө;
3) алдын ала угууну дайындоо жөнүндө;
4) сот отурумун дайындоо жөнүндө.
2. Иш боюнча чечимди судья токтом түрүндө кабыл алат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) токтомдун чыгарылган датасы жана орду;
2) соттун аталышы, токтомду чыгарган судьянын фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
3) кабыл алынган чечимдердин негиздери жана маңызы.
3. Чечим жазык иши сотко келип түшкөн учурдан тартып 5 суткадан кечиктирилбестен, ал эми жоруктар жөнүндө иштер боюнча - 3 суткадан кечиктирилбестен кабыл алынууга тийиш.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
268-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-268" title="268-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>