# 266-берене. Жазык ишинин же жорук жөнүндө иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 266-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-266

---

1. Иштин сотко аймактык караштуулугу төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:

1) тараптын өтүнүчү боюнча - тийиштүү соттун бүткүл курамын четтетүү жөнүндө анын билдирүүсү ушул Кодекстин 69-беренесине ылайык канааттандырылган учурда;

2) тараптын өтүнүчү боюнча же болбосо жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш келип түшкөн соттун төрагасынын демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:

а) эгерде бул соттун бардык судьялары мурда каралып жаткан жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышса, бул ушул Кодекстин 67-беренесине ылайык аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат;

б) бул иш боюнча сот өндүрүшүнүн бардык эле катышуучулары бул соттун юрисдикциясы таралган аймакта жашабаса жана бардык айыпталуулар бул иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө макул болушса.

2. Иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө соттук териштирүү башталганга чейин гана жол берилет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү жөнүндө маселе жогору турган соттун төрагасы, ал эми ал болбогондо, анын орун басары тарабынан чечилет, бул жөнүндө токтом чыгарылат.

4. Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин жокко чыгарып, ишти ушул Кодекстин 65-67-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо башка соттун жаңы кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [265-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-265)  
Кийинки берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-267)
