# 265-берене. Жазык ишин жана жорук жөнүндө ишти сотко караштуулугу боюнча өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 265-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-265

---

1. Судья сот отурумун дайындоо жөнүндө маселени чечип жана келип түшкөн иш бул сотко караштуу эместигин аныктап, аны өзүнүн токтому менен сотко караштуулугу боюнча жөнөтөт.

2. Сот анын өндүрүшүндө турган ишти башка сотко караштуу деп белгилеп, айыпталуучунун макулдугу менен аталган ишти, эгерде аны сот отурумунда кароого киришкен болсо, өз өндүрүшүндө калтырууга укуктуу.

3. Айыпталуучудан жазык ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч сот отурумун дайындоого чейин келип түшкөн учурда судья жазык ишин сотко караштуулугу боюнча тиешелүү сотко жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-264)  
Кийинки берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-266)
