# 264-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин сотко аймактык караштуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 264-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-264

---

1. Ушул Кодекстин 266-беренесинде каралган учурларды кошпогондо жазык иши жана жоруктар жөнүндө иш кылмыш же жорук жасалган жер боюнча сотто каралууга жатат.

2. Эгерде кылмыш же жорук бир соттун иштөөчү жеринде башталып, башка соттун иштөөчү жеринде аяктаса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотко караштуу.

3. Эгерде кылмыш же жорук жасалган жерди аныктоо мүмкүн эмес болсо же кылмыш, жорук ар кайсы жерлерде жасалса, иш сотко чейинки өндүрүш бүткөн жер боюнча сотто каралат.

---

Мурунку берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-263)  
Кийинки берене: [265-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-265)
