# 263-берене. Жазык иштеринин жана жоруктар жөнүндө иштердин сотко караштуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 263-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-263

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө иштер тууралуу бардык жазык иштери райондук (шаардык) сотко караштуу.

2. Райондор аралык соттор Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 380, 381, 383, 384, 386-беренелеринде, 389-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө иштерди сот арачыларынын катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот катары карайт.

3. Эгерде кылмыштардын бири эле райондор аралык сотко, ал эми башкалары - башка сотко караштуу болсо, бир нече кылмыштарды жасоого бир адамды же адамдардын тобун айыптоодо бардык кылмыштар жөнүндөгү иш райондор аралык сот тарабынан каралат.

4. Сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароодон айыпталуучу баш тартканда, жазык иши райондук (шаардык) соттун кароосуна өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-262)  
Кийинки берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-264)
