# 262-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттанууларды кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 262-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-262

---

1. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттануулар, шектенүү жөнүндө тергөөчүнү кабарландыруудан, прокурор тарабынан айыптоо актысын бекитүүдөн тышкары, прокурордун, иш-аракеттери даттанылып жаткан кызмат адамынан, арыз берүүчүнүн катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай даттануу каралууга жата тургандыгын кулактандырат, арыз берүүчүнүн укугу жана милдеттери түшүндүрүлөт. Эгерде арыз берүүчү соттук отурумга катышса, даттанууну негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка адамдар угулат. Тиешелүү түрдө кабарландырылган арыз берүүчүнүн жана кызмат адамынын келбей калышы даттанууну кароо үчүн жолтоо болбойт.

2. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:

1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздигин) же чечимин мыйзамсыз же негизсиз деп таануу жана жол берилген бузууларды анын четтетүү милдеттери жөнүндө;

2) даттанууну канааттандырбай калтыруу жөнүндө.

3. Эгерде даттануу даттануу берүүгө укуксуз адам тарабынан берилсе; даттануу ошол сотто каралууга жатпаса; даттануу ушул Кодексте каралган даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе жана аны берген адам ал мөөнөттү кайра жандандыруу жөнүндө маселени козгобосо же тергөө судьясы адамдын арызы боюнча аны кайра жандандыруу үчүн негиздерди таппаса; даттануу мурда ошого окшош негиздер же жүйөлөр боюнча каралган учурларда, даттануу каралышы мүмкүн эмес жана ал боюнча өндүрүш иши кыскартылат.

4. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү арыз берүүчүгө, прокурорго, ошондой эле аракети даттанылган кызмат адамына тапшырылат.

5. Эгерде муну тергөөчү, прокурор же тергөө судьясы керектүү деп таппаса, даттанууну берүү даттанылган аракеттин жана даттанылуучу чечимдин аткарылышын токтотпойт.

6. Даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-261)  
Кийинки берене: [263-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-263)
