262-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттанууларды кароо тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сотко чейинки өндүрүштүн кызмат адамдарынын аракеттерине, чечимдерине даттануулар, шектенүү жөнүндө тергөөчүнү кабарландыруудан, прокурор тарабынан айыптоо актысын бекитүүдөн тышкары, прокурордун, иш-аракеттери даттанылып жаткан кызмат адамынан, арыз берүүчүнүн катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кандай даттануу каралууга жата тургандыгын кулактандырат, арыз берүүчүнүн укугу жана милдеттери түшүндүрүлөт. Эгерде арыз берүүчү соттук отурумга катышса, даттанууну негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка адамдар угулат. Тиешелүү түрдө кабарландырылган арыз берүүчүнүн жана кызмат адамынын келбей калышы даттанууну кароо үчүн жолтоо болбойт.
2. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:
1) тиешелүү кызмат адамынын аракеттерин (аракетсиздигин) же чечимин мыйзамсыз же негизсиз деп таануу жана жол берилген бузууларды анын четтетүү милдеттери жөнүндө;
2) даттанууну канааттандырбай калтыруу жөнүндө.
3. Эгерде даттануу даттануу берүүгө укуксуз адам тарабынан берилсе; даттануу ошол сотто каралууга жатпаса; даттануу ушул Кодексте каралган даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе жана аны берген адам ал мөөнөттү кайра жандандыруу жөнүндө маселени козгобосо же тергөө судьясы адамдын арызы боюнча аны кайра жандандыруу үчүн негиздерди таппаса; даттануу мурда ошого окшош негиздер же жүйөлөр боюнча каралган учурларда, даттануу каралышы мүмкүн эмес жана ал боюнча өндүрүш иши кыскартылат.
4. Тергөө судьясынын токтомунун көчүрмөсү арыз берүүчүгө, прокурорго, ошондой эле аракети даттанылган кызмат адамына тапшырылат.
5. Эгерде муну тергөөчү, прокурор же тергөө судьясы керектүү деп таппаса, даттанууну берүү даттанылган аракеттин жана даттанылуучу чечимдин аткарылышын токтотпойт.
6. Даттануу боюнча тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
262-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-262" title="262-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>