# 261-берене. Жүргүзүлгөн тергөө же атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 261-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-261

---

1. Тергөө судьясынын жана прокурордун токтомун албай туруп тергөө же атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн учурда, тергөөчү тергөө аракеттеринин жүргүзүлгөн учурунан тартып 24 сааттын ичинде же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү башталганда, аларды өткөрүү жөнүндө тергөө судьясын кабарландырат. Кабарламага жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин же болбосо башталган атайын тергөө аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу жөнүндө өтүнмө тиркелет.

2. Эгерде тергөө судьясы жүргүзүлгөн тергөө аракеттерин же башталган атайын тергөө аракеттерин мыйзамсыз деп тааныган учурда, андай аракеттердин жүрүшүндө алынган бардык далилдер ушул Кодекстин 82-беренесине ылайык жол берилгис деп таанылат. Мындай учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда чараларды кабыл алууну талап кылган иш боюнча мыйзам бузуулардын белгиленген фактыларына прокурордун көңүлүн бурат. Тергөө судьясынын жеке аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана ага анын жыйынтыктары жөнүндө билдирилүүгө тийиш.

3. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-260)  
Кийинки берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-262)
