# 260-берене. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнү кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 260-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-260

---

1. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнмө тергөө же атайын тергөө жүргүзүлгөн жер же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берген органдын орун алган жери боюнча өтүнмө келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, соттук отурумда прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат.

2. Өтүнмөнү кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө же баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен аларды өткөрүүдөн баш тартуу тууралуу токтом чыгарат.

3. Тергөө судьясы төмөнкүдөй жетиштүү маалыматтар бар болгондо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат:

1) ушул Кодекстин 212-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштар жасалганда, ошондой эле ушул Кодекстин 212-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо;

2) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыктарында өз алдынча же болбосо башка болгон далилдердин (маалыматтардын) жыйындысында жазык ишинин же тергелүүчү кылмышты жасаган адамдарды белгилөөнүн шарттарын ачыктоо үчүн олуттуу мааниси болушу мүмкүн деген далилдер алынышы мүмкүн.

4. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодексте каралган аны түзүү боюнча жалпы талаптарга жооп берүүгө, ошондой эле төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берген тергөөчү жөнүндө;

2) чечим кабыл алына турган сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу кылмыштын шарттарынын кыскача баяндалышы;

3) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгы бар адам (адамдар), жер же предмет жөнүндө;

4) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрү (түрлөрү);

5) токтомду колдонуу мөөнөтү.

5. Кошумча материалдарды талап кылуу зарыл болгон учурларда өтүнмөнү белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок 72 сааттан ашпаган мөөнөттө кароого жол берилет.

6. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом кабыл алуу андай уруксат берүү жөнүндө жаңы өтүнмө менен кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.

7. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясы тарабынан чыгарылган токтомду колдонуу мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып суткалар менен эсептелет жана 2 айдан ашпоого тийиш. Токтомду колдонуу мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо, тергөө судьясы жаңыдан берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат.

8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-259)  
Кийинки берене: [261-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-261)
