259-берене. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү колдоо тууралуу маселени чечүүдө тергөө судьясы мүлккө камак салуу үчүн негиздер камтылган бардык материалдар менен таанышууга милдеттүү.
2. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жери боюнча прокурордун катышуусу менен соттук отурумда тергөө судьясы тарабынан каралууга жатат. Соттук отурумга шектелүүчү, жактоочу жана мүлктүн баасын аныктаган адис катышууга укуктуу. Соттук отурумдун жери жана убактысы жөнүндө сот тарабынан алар өз мезгилинде кабарланган учурда процесстин катышуучуларынын келбей калуусу соттук отурумду өткөрүүгө жолтоо болбойт. Соттук отурумдун жүрүшүндө протокол жүргүзүлөт.
3. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү карап, тергөө судьясы мүлккө камак салууну канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Мүмкүн болуучу конфискациялоону камсыздоо үчүн мүлккө камак салуу жөнүндө маселени чечүүдө тергөө судьясы мүлктүн шектелүүчүгө тийиштүү экендиги жана ал тарабынан кылмыш жасоодо пайдаланылгандыгы же болбосо аны жасоонун жыйынтыктарында алынгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн иш жүзүндөгү шарттарды көрсөтүүгө тийиш.
4. Мүлккө камак салуу жөнүндө токтомдо камак салынган мүлк, ошондой эле материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн камак салуу жетиштүү болгон мүлктүн баасы, иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин мүлктүн сакталган жери жөнүндө маалымат көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу тергөө судьясынын токтому прокурор же шектелүүчү, жактоочу, жабырлануучу, анын өкүлү тарабынан 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган адамга, шектелүүчүгө, ошондой эле прокурорго, жабырлануучуга, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу адамга жөнөтүлөт.
7. Камак салынган мүлк алып коюуга же тергөө судьясынын кароосу боюнча жергиликтүү администрациянын, турак жай-эксплуатациялык уюмдун өкүлүнө, ал мүлктүн ээсине же мүлктүн сакталгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилүүгө тийиш болгон башка адамга сактоого өткөрүлүп берилиши мүмкүн, бул жөнүндө кол койдуруп алынат.
Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 13-январындагы №01-р чечими
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
259-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-259" title="259-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>