# 258-берене. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 258-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-258

---

1. Кызмат ордунан убактылуу четтетүү шектелүүчүнүн, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, жактоочунун соттук отурумда катышуусу менен прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнмөсү боюнча тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.

2. Соттук отурумдун убактысы жана жери жөнүндө өз мезгилинде кабардар болгон тараптардын келбей калуусу өтүнмөнү кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт.

3. Шектелүүчүнү кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө өтүнмөнү кароонун жыйынтыктары боюнча тергөө судьясы өтүнмөнү канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

4. Шектелүүчүнү кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому анын иштеген жери боюнча уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт, ал токтом кабыл алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аткарууга жана бул жөнүндө тергөө судьясына жана тергөөчүгө кабарландырууга милдеттүү.

5. Шектелүүчүнү кызмат ордунан убактылуу четтетүү, мындай чараны көрүү зарылдыгы болбой калганда, прокурордун, тергөөчүнүн жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнмөсү боюнча тергөө судьясынын токтому менен жокко чыгарылат.

6. Шектелүүчүнү кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанылбайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-257)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-259)
