# 256-берене. Шектелүүчүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 256-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-256

---

1. Шектелүүчүнү кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, шектелүүчүнүн, жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу менен шектелүүчү кармалган жер боюнча ачык соттук отурумда материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Соттук отурумдун убактысы жана орун алган жери жөнүндө өз мезгилинде кабарландырылган шектелүүчүдөн, анын жактоочусунан, прокурордон тышкары, тараптардын келбей калуусу иштин материалдарын кароо үчүн жолтоо болуп саналбайт. Жактоочу келбей калган учурда шектелүүчү аны башкасы менен алмаштырууга укуктуу.

2. Соттук отурумдун башталышында тергөө судьясы кылмыш жана (же) жорук жасоого шектелгендиги боюнча кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү кайсы адамга карата текшерилип жаткандыгын кулактандырат, соттук отурумга келген адамдардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, андан кийин прокурор кылмыш жана (же) жорук жасоого шектенүү боюнча адамды кармагандыгы жөнүндө чечимди негиздейт, андан кийин соттук отурумга келген башка адамдар угулат.

3. Соттук отурумда тергөө судьясы кылмыш жана (же) жорук жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө токтом чыгарат.

4. Кылмыш жасоого шектенүү боюнча адамды кармоонун мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы, негиздүүлүгү же негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

5. Шектелүүчүнүн мыйзамсыз же негизсиз деп кармалгандыгы таанылган учурда тергөө судьясы жеке аныктама чыгарат, анда чараларды көрүүнү талап кылган иш боюнча белгиленген мыйзам бузуу фактыларына көңүл бурат. Тергөө судьясынын жекече аныктамасы боюнча бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чаралар көрүлүүгө жана анын жыйынтыктары жөнүндө ага билдирилүүгө тийиш.

6. Кармоонун мыйзамсыздыгы жана негизсиздиги жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодекстин 17-главасында каралган тартипте ордун толтуруу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-255)  
Кийинки берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-257)
