# 255-берене. Тергөө судьясы тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жалпы шарты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 255-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-255

---

1. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди соттук отурумда жеке өзү карайт.

2. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун мөөнөттөрү ушул Кодекс менен аныкталат.

3. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары менен таанышууга, зарыл болгондо кошумча материалдарды талап кылууга укуктуу.

4. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык токтом чыгарат.

5. Тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.

---

Мурунку берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-254)  
Кийинки берене: [256-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-256)
