255-берене. Тергөө судьясы тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жалпы шарты
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 36-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди соттук отурумда жеке өзү карайт.
2. Тергөө судьясынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун мөөнөттөрү ушул Кодекс менен аныкталат.
3. Тергөө судьясы сотко чейинки өндүрүштүн бардык материалдары менен таанышууга, зарыл болгондо кошумча материалдарды талап кылууга укуктуу.
4. Тергөө судьясы анын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык токтом чыгарат.
5. Тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. Ушул Кодексте каралган учурларда тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтотпойт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
255-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-255" title="255-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>