# 254-берене. Жазык ишин бекитилген айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 254-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-254

---

1. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыздайт. Айыптоо актысынын көчүрмөсү ошондой эле, эгерде ал бул тууралуу өтүнмө берсе, жабырлануучуга да тапшырылат. Айыптоо актысынын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө айыпталуучунун жана жабырлануучунун кол тамгалары ишке тиркелет.

2. Прокурор ишти сотко бекитилген айыптоо актысы менен кошо жөнөтөт, бир эле мезгилде бул жөнүндө айыпталуучуга, жактоочуга, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө кабарландырат.

---

Мурунку берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-253)  
Кийинки берене: [255-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-255)
