# 253-берене. Келип түшкөн айыптоо актысы менен жазык иши боюнча прокурордун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 253-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-253

---

Прокурор келип түшкөн айыптоо актысы менен тергөөчүдөн түшкөн жазык ишин карап, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга укуктуу:

1) айыптоо актысын бекитүүнү;

2) өзүнүн токтому менен айыптоо актысынын айрым пункттарын алып салууну же шектелүүчүнүн аракетин жеңилдетүү жагына кайра квалификациялоону;

3) ишти жүргүзүү мөөнөтүн көрсөтүү менен кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кошо тергөөчүгө 15 күндөн ашпаган мөөнөттү белгилеп кайтарып берүүнү;

4) ишти ушул Кодекстин 26-беренесине ылайык кыскартууну.

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-254)
