# 252-берене. Айыптоо актысы менен келип түшкөн иш боюнча прокурор тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 252-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-252

---

Прокурор 5 суткадан ашпаган мөөнөттө келип түшкөн жазык ишин төмөндөгүдөй иликтөөгө жана текшерүүгө милдеттүү:

1) жосун орун алганбы, адам эмне боюнча шектелип жатат жана ал жосунда кылмыштын курамы барбы;

2) кыскартууга алып келген шарттардын иште болгондугун;

3) кылмыш жасоого шектенүүнүн негиздүүлүгүн, анын иште далилдер менен тастыкталгандыгын;

4) бардык белгиленген жана далилденген иш боюнча кылмыш жосунун жасоодо адам шектенилип жатканы кабарланганбы;

5) кылмыш жасагандыгы жөнүндө далилдерди иш боюнча алгандыгы тууралуу шектелүүчү катары бардык адамдар тартылганбы;

6) жорукту квалификациялоонун тууралыгын;

7) материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоону камсыздоо боюнча чаралар кабыл алынганбы;

8) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ушул Кодексти олуттуу бузууларга жол берилген жокпу.

---

Мурунку берене: [251-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-251)  
Кийинки берене: [253-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-253)
