# 25-берене. Жарандардын жазыктык куугунтуктоону жана айыптоону жүзөгө ашырууга же катышууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 25-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-25

---

1. Жабырлануучу каза болгон же кураш же ден соолугу боюнча жазык сот өндүрүшүндө өзүнүн эркин билдире албаган учурда, анын каалаган жашы жеткен жакын туугандарынын, жубайлардын бири ушул Кодексте каралган тартипте шектүүнү, айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоого, ал эми жеке айыптоо иштери боюнча - айыптоо коюуга жана колдоого алууга катышууга укуктуу.

2. Соттук териштирүүнүн убагында прокурордун айыптоодон баш тартуусу жабырлануучуну айыптоону колдоо укугунан ажыратпайт.

3. Эгерде жабырлануучу же анын укук мураскору өндүрүштүн каалаган учурунда шектүүнүн, айыпталуучунун же соттолуучунун күнөөсүздүгүнө (тиешеси жоктугуна) ынанган учурда, ал жазыктык куугунтуктоодон же айыптоону колдоодон баш тартууга укуктуу жана тергөөчүгө, прокурорго, сотко баш тартуунун жүйөсүн баяндайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-26)
