# 249-берене. Сотко чейинки өндүрүштө ишти кыскартуу жөнүндө токтом

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 249-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-249

---

1. Сотко чейинки өндүрүштөгү иш тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектелүүчүнүн инсандыгы жөнүндө маалыматтар келтирилет, иштин шарттары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат.

2. Токтомдо ушул Кодекстин 88-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыздоо жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт.

3. Сотко чейинки өндүрүштө ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда, кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен, ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, анын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган уюмга билдирет жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт.

4. Берген арызы боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган жабырлануучунун, адамдын жана (же) уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнмөсү боюнча, аларды тергөөчү, прокурор кыскартылган иштин материалдары менен тааныштырат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-248)  
Кийинки берене: [250-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-250)
