249-берене. Сотко чейинки өндүрүштө ишти кыскартуу жөнүндө токтом
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сотко чейинки өндүрүштөгү иш тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектелүүчүнүн инсандыгы жөнүндө маалыматтар келтирилет, иштин шарттары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат.
2. Токтомдо ушул Кодекстин 88-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыздоо жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт.
3. Сотко чейинки өндүрүштө ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда, кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен, ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, анын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган уюмга билдирет жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт.
4. Берген арызы боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган жабырлануучунун, адамдын жана (же) уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнмөсү боюнча, аларды тергөөчү, прокурор кыскартылган иштин материалдары менен тааныштырат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
249-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Сотко чейинки өндүрүштө алынып салынды: жазык ишин кошулду: ишти кыскартуу жөнүндө токтом
1. Сотко чейинки өндүрүштөгү алынып салынды: жазык иши кошулду: иш тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектелүүчүнүн инсандыгы … чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт.
3. Сотко чейинки өндүрүштө алынып салынды: жазык ишин кошулду: ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алынып салынды: тергөөчү кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда, кыскартуунун негиздерин көрсөтүү … прокурор кыскартылган иштин материалдары менен тааныштырат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-249" title="249-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>