# 247-берене. Айыптоо актысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 247-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-247

---

1. Тергөөчү процесстин катышуучуларынын жазык ишинин материалдары менен таанышкандан жана алардын өтүнүчтөрү чечилгенден кийин, айыптоо актысын түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) айыптоо актысын түзүү убактысы жана жери;

2) айыптоо актысын түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы жана аты-жөнү;

3) шектелүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде болсо), туулган күнү, айы, жылы жана жери;

4) кылмыш жасалган жер жана убактысы, анын ыкмалары, жүйөлөрү, максаттары, кесепеттери жана аталган жазык иши үчүн мааниси бар башка шарттар;

5) жабырлануучу жөнүндө маалыматтар, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;

6) шектелүүчүнүн жоопкерчилигин жеңилдеткен жана оорлоткон шарттар;

7) адамды айыптоо үчүн негиз катары кызмат кылган шарттарды тастыктаган далилдердин тизмеги жана алардын мазмунунун кыскача баяндалышы;

8) инкримизацияланган жосунду квалификациялоочу жазык мыйзамынын так беренеси, бөлүктөрү жана пункттары.

2. Айыптоо актысында жазык ишинин томдоруна жана барактарына шилтеме камтылууга тийиш.

3. Айыптоо актысына айыптоо тарабынан да, жактоо тарабынан да алардын жашаган жерин же турган жерин жана алардын көрсөтмөлөрү же корутундулары баяндалган иштин баракчаларын көрсөтүү менен соттук отурумга чакырууга жаткан адамдардын тизмеси тиркелет. Ушул Кодексте каралган учурларда ал тизмеде соттук отурумга чакырылууга жаткан адамдардын псевдонимдери гана камтылууга тийиш.

4. Айыптоо актысына, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрү, жөнүндө, камакка же үй камагына алуу убактысын көрсөтүү менен бөгөт коюу чаралары, буюм далилдери, айыппул жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо түрүндө жазаны аткарууну камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, процесстик коромжулар, ал эми шектелүүчүдө, жабырлануучуда багууда тургандар болгондо - алардын укуктарын камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымкат тиркелет.

41. Айыптоо актысына шектелүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.

Ушул беренеде инсандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бардык типтери;

2) инсандыгынын ырастамасы;

3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашай туруу укугу;

4) жарандыгы жок адамдын ырастамасы;

5) айдоочулук ырастама;

6) аскердик билет;

7) кайрылмандын ырастамасы.

Шектелүүчүдө - Кыргыз Республикасынын жаранында анын инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүчү органдардын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтештирилиши керек.

5. Тергөөчү тарабынан айыптоо актысына кол коюлгандан кийин жазык иши дароо прокурорго жөнөтүлөт. Жазык иши шектелүүчүнүн (шектелүүчүлөрдүн) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 сутка мурун прокурорго берилет. Ушул Кодекстин 20-беренесинде каралган учурларда тергөөчү айыптоо актысынын текстин которууну камсыз кылат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [246-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-246)  
Кийинки берене: [248-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-248)
