247-берене. Айыптоо актысы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөөчү процесстин катышуучуларынын жазык ишинин материалдары менен таанышкандан жана алардын өтүнүчтөрү чечилгенден кийин, айыптоо актысын түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) айыптоо актысын түзүү убактысы жана жери;
2) айыптоо актысын түзгөн адамдын кызматы, фамилиясы жана аты-жөнү;
3) шектелүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты (эгерде болсо), туулган күнү, айы, жылы жана жери;
4) кылмыш жасалган жер жана убактысы, анын ыкмалары, жүйөлөрү, максаттары, кесепеттери жана аталган жазык иши үчүн мааниси бар башка шарттар;
5) жабырлануучу жөнүндө маалыматтар, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;
6) шектелүүчүнүн жоопкерчилигин жеңилдеткен жана оорлоткон шарттар;
7) адамды айыптоо үчүн негиз катары кызмат кылган шарттарды тастыктаган далилдердин тизмеги жана алардын мазмунунун кыскача баяндалышы;
8) инкримизацияланган жосунду квалификациялоочу жазык мыйзамынын так беренеси, бөлүктөрү жана пункттары.
2. Айыптоо актысында жазык ишинин томдоруна жана барактарына шилтеме камтылууга тийиш.
3. Айыптоо актысына айыптоо тарабынан да, жактоо тарабынан да алардын жашаган жерин же турган жерин жана алардын көрсөтмөлөрү же корутундулары баяндалган иштин баракчаларын көрсөтүү менен соттук отурумга чакырууга жаткан адамдардын тизмеси тиркелет. Ушул Кодексте каралган учурларда ал тизмеде соттук отурумга чакырылууга жаткан адамдардын псевдонимдери гана камтылууга тийиш.
4. Айыптоо актысына, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрү, жөнүндө, камакка же үй камагына алуу убактысын көрсөтүү менен бөгөт коюу чаралары, буюм далилдери, айыппул жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо түрүндө жазаны аткарууну камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, процесстик коромжулар, ал эми шектелүүчүдө, жабырлануучуда багууда тургандар болгондо - алардын укуктарын камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымкат тиркелет.
41. Айыптоо актысына шектелүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Ушул беренеде инсандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бардык типтери;
2) инсандыгынын ырастамасы;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашай туруу укугу;
4) жарандыгы жок адамдын ырастамасы;
5) айдоочулук ырастама;
6) аскердик билет;
7) кайрылмандын ырастамасы.
Шектелүүчүдө - Кыргыз Республикасынын жаранында анын инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүчү органдардын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтештирилиши керек.
5. Тергөөчү тарабынан айыптоо актысына кол коюлгандан кийин жазык иши дароо прокурорго жөнөтүлөт. Жазык иши шектелүүчүнүн (шектелүүчүлөрдүн) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 сутка мурун прокурорго берилет. Ушул Кодекстин 20-беренесинде каралган учурларда тергөөчү айыптоо актысынын текстин которууну камсыз кылат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
247-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымкат тиркелет.
алынып салынды: 5. кошулду: 41. Айыптоо актысына алынып салынды: тергөөчү кошулду: шектелүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Ушул беренеде инсандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортунун бардык типтери;
2) инсандыгынын ырастамасы;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашай туруу укугу;
4) жарандыгы жок адамдын ырастамасы;
5) айдоочулук ырастама;
6) аскердик билет;
7) кайрылмандын ырастамасы.
Шектелүүчүдө - Кыргыз Республикасынын жаранында анын инсандыгын ырастоочу документи болбогон учурда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүчү органдардын кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтештирилиши керек.
5. Тергөөчү тарабынан айыптоо актысына кол алынып салынды: койгондон кошулду: коюлгандан кийин жазык иши кошулду: дароо прокурорго алынып салынды: токтоосуз жөнөтүлөт. кошулду: Жазык иши шектелүүчүнүн (шектелүүчүлөрдүн) бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү аяктаганга чейин 10 сутка мурун прокурорго берилет. Ушул Кодекстин 20-беренесинде каралган учурларда тергөөчү айыптоо алынып салынды: актысын кошулду: актысынын текстин которууну камсыз кылат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-247" title="247-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>