# 246-берене. Өтүнмөлөрдү чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 246-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-246

---

1. Шектелүүчү, анын жактоочусу, ошондой эле жабырлануучу жана анын өкүлү тарабынан берилген өтүнмө канааттандырылган учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын иштин материалдарын толуктайт, бул башка катышуучулар тарабынан иштин материалдары менен таанышууну улантууга жолтоо болбойт.

2. Кошумча тергөө аракеттерин жүргүзүү аяктагандан кийин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын бул жөнүндө сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларына кабарлайт жана аларга ишинин кошумча материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

3. Билдирилген расмий өтүнмө канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартылган учурда, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын бул жөнүндө токтом чыгарат, ал арыз ээсине маалымат катары жеткирилет.

4. Расмий өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу арыз ээси баш тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алган учурдан баштап 3 сутканын ичинде прокурорго даттанылышы мүмкүн. Даттанууну берүү ишти прокурорго жиберүүнү ал чечилгенге чейин токтотуп турат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [245-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-245)  
Кийинки берене: [247-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-247)
