# 242-берене. Сотко чейинки өндүрүштү аяктоо жөнүндө кулактандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 242-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-242

---

1. Жазык иши боюнча бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүп, ал эми чогултулган далилдер сотко чейинки өндүрүштү аяктоо үчүн жетиштүү деп тааныган тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын бул жөнүндө шектелүүчүгө кабарлайт жана ушул Кодекстин 244-беренесинде каралган ага жеке өзү, ошондой эле жактоочусунун, мыйзамдуу өкүлүнүн жардамы менен жазык ишинин бардык материалдары менен таанышуу укугун түшүндүрөт. Шектелүүчүгө сотко чейинки өндүрүштүн аяктагандыгы жана ага укуктарды түшүндүргөндүгү жөнүндө кабарлама тууралуу ушул Кодекстин 245-беренесинин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

2. Эгерде шектелүүчүнүн жактоочусу же жабырлануучунун өкүлү жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакытта иштин материалдары менен таанышуу үчүн келе албай калса, тергөөчү тааныштырууну 5 суткадан ашпаган мөөнөткө жылдырат. Жактоочу же өкүл ал мөөнөттүн ичинде келбей калган учурда, тергөөчү шектелүүчүгө башка жактоочуну, ал эми жабырлануучуга бөлөк өкүлдү чакырууну сунуштайт.

3. Шектелүүчү, анын жактоочусу, жабырлануучу иштин материалдары менен таанышкандан кийин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын айыптоо актысын түзөт, анда тергөө аракеттеринин бардыгы аткарылгандыгын, ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү далилдердин чогултулгандыгын көрсөтөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-241)  
Кийинки берене: [243-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-243)
