# 24-берене. Жазыктык куугунтуктоону ишке ашыруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 24-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-24

---

1. Айкын жана жекече-жалпы айыптоо иштери боюнча мамлекеттин атынан жазыктык куугунтуктоону алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жүзөгө ашырат.

2. Кылмыштын же жоруктун белгилери аныкталган ар бир учурда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор ушул Кодексте каралган кылмыш жана (же) жоруктун окуясын, кылмыш жана (же) жорук жасаганга шектүү адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрөт.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 23-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда, жабырлануучунун өз эркин билдирүүсүнө карабастан жазык иштери боюнча жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде коюлган талаптары, тапшырмалары жана суроо-талаптары, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелер, ишканалар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-25)
