# 237-берене. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуп туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138542..1138543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 237-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-237

---

1. Сотко чейинки өндүрүш төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо токтотула турат:

1) шектелүүчү тергөөдөн жашынса жана анын турган жери белгисиз болсо;

2) мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген врач тарабынан күбөлөндүрүлгөн тергөө жана башка процесстик аракеттерге катышуусуна жолтоо болгон шектелүүчүнүн убактылуу психикалык же башка катуу оруусу болсо;

3) шектелүүчүнүн жүргөн жери белгилүү болсо, бирок шектүүнүн иммунитетинен ажыратуу жана (же) чет мамлекетке берүү жөнүндө маселени чечүүгө байланыштуу же болбосо жазыктык артынан түшүүнү улантуу үчүн чет мамлекетке иштин материалдарын жөнөтүүдө анын жазык ишине катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүгү жок болсо;

4) (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчун жоготту)

2. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат, анын көчүрмөсүн прокурорго жөнөтөт.

3. Эгерде иш боюнча эки же бир нече шектелүүчү тартылса, ал эми токтото туруу үчүн негиздер шектелүүчүлөрдүн бардыгына эле таандык болбосо, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айрым шектелүүчүлөргө карата ишти өз-өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө же ишти токтото турууга же эгер бардык шектелүүчүлөрдүн катышуусуз сотко чейинки өндүрүштү улантуу мүмкүн болбогондо, бардык иш боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларда, сотко чейинки өндүрүш анын мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча гана, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарында каралган учурларда, иш сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү бүткөнгө чейин деле токтотулушу мүмкүн.

5. Сотко чейинки өндүрүштү токтотууга чейин тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектелүүчү, айыпталуучу жок кезде мүмкүн болгон өндүрүштүн бардык тергөө аракеттерин аткарууга милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-236)  
Кийинки берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-238)
