# 235-берене. Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 235-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-235

---

1. Шектенүү жөнүндө кабарлама ал түзүлгөн күнү тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тапшырылат.

2. Шектенүү жөнүндө кабарлама адамга жактоочусунун катышуусунда шектенүү жөнүндө кабарлама чыгарылган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш. Шектелүүчү же анын жактоочусу келбей калган учурда шектенүү жөнүндө кабарлама 24 саат өткөндөн кийин тапшырылышы мүмкүн.

3. Шектелүүчү шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Чакыруу кагазында ким жана кандай сыпатта, кимге жана кайсы дарек боюнча чакырылгандыгы; келүү убактысы (күнү, сааты), адвокат чакырууга укугу, ошондой эле жүйөсүз себептер менен келбей калуу кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Чакыруу кагазы чакырылган адамга кол койдуруп алуу менен тапшырылат. Чакырылуучу жок болгондо, тапшырууга берүү үчүн чакыруу кагазы үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашы жеткендеринин бирөөсүнө тапшырылат, ал эми алар жок болгондо, жашаган жери боюнча турак жай-эксплуатациялык уюмуна же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, же болбосо иштеген жери боюнча администрацияга тапшырылат, алар шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакырылуучуга чакыруу кагазын өткөрүп берүүгө милдеттүү.

5. Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу үчүн чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө же келбей калуу себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Чакырылуучу адам шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшырууга жүйөсүз себептер менен келбей калган учурда алып келиниши мүмкүн.

51. Шектелүүчүнүн турган жери аныкталбаган учурда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул Кодекстин 239-беренесинде каралган тартипте ага издөө жарыялайт, ал эми шектелгени жөнүндө кабарлама ал кармалган учурда жана тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жеткирилген убакта тапшырылат.

6. Тергөөчү шектенүү жөнүндө кабарламаны бир эле мезгилде тапшыруу менен ушул Кодекстин 45-беренесинде каралган анын укуктарын, ошондой эле мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктарын түшүндүрөт.

7. Шектенүү жөнүндө кабарламаны алган адам шектүү катары суракка алынууга жатат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-234)  
Кийинки берене: [236-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-236)
