# 233-берене. Шектенүү жөнүндө кабарлама

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138542..1138543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 233-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-233

---

1. Адамды кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектенүү үчүн негиз болуучу далилдер жетиштүү болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор шектенүү тууралуу кабарлама чыгарат.

2. Негиздер пайда болгон учурда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жаңы шектенүү жөнүндө кабарлайт.

3. Шектенүү жөнүндө кабарламанын датасы жана убактысы, шектелген адам жасады делген кылмыштын жана (же) жоруктун укуктук квалификациясы Жазык кодексинин, же болбосо Жоруктар жөнүндө кодекстин беренесин (беренесинин бөлүгүн) көрсөтүү менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

4. Шектелип жаткандыгы тууралуу кабарлаганга чейин адамга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-234)
