# 232-берене. Контролдук сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 232-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-232

---

1. Контролдук сатып алуу жалган бүтүмдү түзүү кырдаалын жаратуу жолу менен жасалуучу же жасалган кылмыштар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.

Бул учурда кылмышка тиешелүү деп болжолдоого жетиштүү негиздер бар болгон адамдан мыйзамда эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсүнө чектөө коюлган, ошондой эле кылмыштуу кол салуунун объекттери же куралдары болуп эсептелген предметтер же буюмдар кайтарымдуу түрдө сатып алынат.

2. Атайын тергөө аракеттерине, анын жүрүшүндөгү жана жыйынтыктарындагы так жазып алуулардын техникалык жана башка каражаттарына, ошондой эле предметтерди жана буюмдарды алуу үчүн акча каражаттарына катышууну ыктыярдуу каалаган алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызматкерине же адамына карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык өзүнчө протокол түзүлөт.

3. Кылмыштын жасалышын контролдоо боюнча иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө адамдын андан ары бетин ачуу максатында ага кылмыш жасоого жардам берип же бул үчүн анын жүрүш-турушуна зомбулук, коркутуу, шантаж менен таасир этип, түрткү берүүгө (шыкактоого) тыюу салынат. Мындай ыкма менен алынган буюмдар жана документтер жазык сот өндүрүшүндө колдонулбайт.

4. Аталган иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана бардык алынган материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө берет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-231)  
Кийинки берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-233)
