# 231-берене. Контролдонуучу жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 231-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-231

---

1. Контролдонуучу жөнөтүү тыюу салынган же жүгүртүү мыйзамы менен чектелген, ошондой эле кылмыштык кол тийгизүүлөрдүн объектилери же куралы болуп саналган жөнөтүүлөргө, сатып алууларга, сатууларга, предметтердин, буюмдардын жана продукциялардын орун которууларына, эркин сатууларына контроль коюу максатында жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонуучу жөнөтүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.

3. Бир нече мамлекеттердин аймактарына контролдолуучу жөнөтүү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары менен бирдикте алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Аталган иш-чара аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамы отчётту жана алынган бардык материалдарды коштомо кат менен мөөр басылган түрдө толук көлөмүндө тергөөчүгө берет.

5. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алынган отчётту изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары менен протокол түзүлөт.

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-230)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-232)
